Ваш город:

Кадамжай

Вы находитесь в городе Кадамжай

От выбранного города зависят цены
и способы оплаты.
Оформить заказ
0 анализов / 0
Мой заказ
Выезд на дом info
600 c

Итого:

Оплатить
Очистить корзину

Кантип жана кандай анализ тапшыруу керек?

COVID-19: кантип жана кандай анализ тапшыруу керек?

COVID-19 — бул кадимки грипп сыяктуу жуга турган вирус. Оору симптомдору жок же жеңил түрдө, ошондой эле өлүмгө алып келген оор түрдө өтүшү мүмкүн.
Вирустун бар экенин аныктоонун эки ишенимдүү методу бар – ИФА жана ПЦР.
алардын ортосундагы айырманы айтып беребиз жана сиз кайсы анализди тапшырышыңыз керектигин түшүнүүгө жардам беребиз.


🔷  ИФА жана ПЦРметоддорунун айырмасы

enlightenedИФА — бул кандын анализи, мында адамдын организминдеги вирустун өзү эмес, бул вируска жооп катары иммундук система иштеп чыккан антителолор аныкталат.

Бул өтө маанилүү: анализ вирустун өзү бар экенин көрсөтпөйт. Ал сиздин иммундук системаңыз кандай реакция кылганын көрсөтөт. Бул бир эле убакта анын жакшы дагы, жаман дагы жагы. Жакшы жагы антителолор оорудан кийин узак убакыт организмде калат жана ал боюнча биз адам мурда ооруганын, азыр ооруп жатканын же ооруп, бирок айыга турганын түшүнө алабыз.

Жаман жагы антителолор дароо эмес, бир нече күндөн кийин пайда болот жана бул убакытта адам айланадагылар үчүн жугуштуу болот.

Антителолор Ig символдору менен маркаланат.

Оорунун ар кандай баскычтарында организм ар кандай антителолорду иштеп чыгат:

  • IgM – жуктурган соң бир нече күндөн кийин, эң биринчи иштелип чыгат
  • IgG – кийин пайда болот жана организмди коргоону камсыздап, узакка сакталат

enlightened ПЦР — бул мурун-кулкуң көңдөйүнөн алынган сүртүндү. Анализ белгилүү вирустун ДНКсын табат жана эгерде тапса, анда оң жыйынтыкты көрсөтөт. Маанилүү: ар башка вирустардын ДНКсы абдан айырмаланат, ПЦР-тест  конкреттүү вирусту аныктоого шарт түзөт, ката дээрлик жокко чыгарылат.

 

ПЦР анализ оорунун эч кандай симптомдору жок болсо дагы, адам жуктурган алгачкы сааттардан тартып ооруп жатканын көрсөтөт. Бирок эгерде бейтап көптөн бери ооруп жатса, анда анализ – терс болот – иммун системасы вирус менен күрөшүүнү, аны жана анын ДНКсын бузууну баштады.

🔷 Кайсы учурда кандай анализ тапшыруу керек

ИФА тест тапшыруу керек, эгерде:

  • Сиз COVID-19 менен ооруганыңызды билүүнү кааласаңыз
  • Сиз COVID-19дан дарыландыңыз жана дарылоонун натыйжалуулугун текшерүү керек
  • Бир аз убакыт мурда (2 жумадан көп) оорулуу менен байланышканыңызды билдиңиз, бирок эч кандай симптомдорду сезген жоксуз
  • Сиз жарым жыл мурда ооругансыз жана сизде вируска карата антителолор сакталып калганын билишиңиз керек
  • Сиз симптомсуз ооруганыңызды (ооруп жатканыңызды) билгиңиз келет
     

ПЦР тапшыруу керек, эгерде:

  • Сиз COVID-19 менен ооруган адам менен байланышсаңыз
  • Сиз чет өлкөгө учканы жатсаңыз (көпчүлүк өлкөлөрдүн талабы)
  • Сиз талмоорсуп жатасыз, симптомдору боюнча COVID-19га окшош
  • ИФА тест сизде шектүү жыйынтыкты көрсөттү
     

Анализдер COVID-19 аныктоонун бирден-бир методу болуп саналбай турганын түшүнүү керек.
Вирустар – өтө кичинекей мителер, аларды микроорганизмдер деп эмес, “агенттер” деп аташат. Алар биздин клеткаларда гана жашап жана көбөйө алышат, бирок муну өтө тез жана агрессивдүү жасашат.

Бейтап ПЦР тапшырган учурда, анализ даяр болгончо алар абдан тез көбөйүп жана олуттуу оорлошууларды пайда кылышы үчүн жетиштүү убакыт өтүшү мүмкүн.
ПЦР терс жыйынтык көрсөтүп, бирок оорулууда пневмония аныкталган учурлар болот, мында өпкөнүн бузулуу мүнөзү COVID-19 үчүн мүнөздүү болот. Эгерде инфекция бронхтон ылдый түшүп кетсе, дал ушундай болот. Ошондуктан комплекстүү мамиле кылуу жана дарыгерлердин байкоосу алдында болуу зарыл.


🔷 Жыйынтыктарды кантип кароо керек

ПЦР оңой – анализ же оң же терс жыйынтыкты көрсөтөт. Оң жыйынтык сиз ооруп жатканыңызды, курч баскычта турганыңызды түшүндүрөт. Кеминде 2 жума обочолонуу сунушталат. Бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) бардык симптомдор жоголгондон кийин дагы – оорулуунун жана айланадагылардын коопсуздугу үчүн 2 жума үйдө болууну кеңеш кылат.

ИФА бир аз татаалыраак. Бул жарым сандык тест, жыйынтыкта антителолордун саны эмес, позитивдүүлүк коэффициенти (ПК)көрсөтүлөт. Эгерде ал 1.1ден жогору болсо, бул оң жыйынтык. Эгерде 0,8ден төмөн болсо – терс. 0,8ден 1,1ге чейинки аралыкта – шектүү жыйынтык.

 

  • IgM жана IgG жок. Организм COVID-19 менен кездешкен эмес, иммунитет жок. Терс анализ адамды биринчи жуктуруу боюнча тобокелдик тобуна киргизет.
  • IgM бар, IgG жок. Жакында жуккан, COVID-19 оорусунун курч баскычы. Шашылыш эпидемиологиялык иш-чаралар жана кошумча ПЦР диагностика талап кылынат.
  • IgM жок, IgG бар. Ооруну бейтап жеңил же билинбеген түрдө көтөргөн, иммунитет пайда болгон.
  • IgM жана IgG бар. Алардын болушу вирусту жуктуруп алган болушу мүмкүн экенин же инфекцияны баштан өткөргөнүн күбөлөндүрөт.

Шектүү жыйынтык деген адам ооруп жатканын же оорубаганын бир беткей айтуу үчүн организмде антителолор жетишсиз экенин түшүндүрөт. Бир нече себептен улам ушундай болушу мүмкүн: адам анализге туура эмес даярданган, анда организмдин өзгөчөлүү иммундук жообу бар же – көбүнчө – анализ өтө эрте тапшырылат жана антителолор азырынча аз болот же өтө кеч тапшырылат (ооругандан 7-9 айдан кийин) жана антителолор төмөндөп кеткен болот. 

Бирок бардык учурда бир аз убакыттан кийин ИФА анализди кайра тапшыруу же ПЦР тапшыруу сунушталат (эгерде шектүү жыйынтык IgMда болсо).

🔷 Анализди кайда жана кантип тапшыруу керек

COVID-19га карата ПЦР анализди бүтүндөй өлкө боюнча биздин лабораториялардын 25 кабыл алуу пункттарында тапшырууга болот, алардын 9у Бишкекте жайгашкан.  👉ПЦР covid-19 кабыл алуу мооноту.

ПЦР-анализди тамактангандан соң 3 сааттан кийин тапшыруу керек, ошондой эле 3 саат аралыгында тиштерди жууганга, оозду чайкаганга жана ичкенге, чылым чеккенге, сагыз чайнаганга болбойт. Изилдөөгө чейин бир сутка мурда мурунга арналган тамчылатма, мазь, спрей пайдаланууга болбойт. Анализ тапшырууга сөзсүз беткапчан жана паспорт менен келүү керек.

🔷 Жыйынтыкты кайдан жана качан алуу керек

Анализ даяр болоору менен, сиз СМС аласыз жана биздин сайттан өз жыйынтыктарыңызды көрө аласыз. Мөөр басылып, басып чыгарылган түрдө каалаган кабыл алуу пунктунан алууга болот. Эгерде керек болсо, англис тилинде дагы ала аласыз.

Анализдин даяр болуу мөөнөтү сиз аны кайсы шаарда канчада тапшырганыңыздан көз каранды болот.

Бишкек

- эгерде анализди саат 11:30га чейин тапшырса, ошол эле күнү саат 21:00дөн кийин жыйынтыкты алууга болот
- эгерде саат 12:30 тартып 23:00гө чейин тапшырса,  кийинки күнү саат 18:00дөн кийин.
Ишембиде – эгерде саат 11:30га чейин тапшырса, ошол эле күнү саат 21:00дөн кийин. Эгерде андан кеч тапшырса – дүйшөмбүдө саат 18:00дөн кийин.
Жекшембидеги анализ дүйшөмбүдө саат 18:00дөн кийин даяр болот.

Жыйынтыктарды саат 17:30дан 23:00гө чейин алууга болот:
1. 8-кичирайон, 8/3 үй, Орто-Сай базарынын каршысында
2. Жаш Гвардия бульвары, 81 .
Жекшембиде жыйынтыктарды Бишкек шаарында Логвиненко, 20 жана Ж. Гвардия 81 даректери боюнча саат 08:00дөн 13:00гө чейин, саат 13:00дөн 23:00гө чейин 8-кичирайону, 8/3 дареги боюнча басып чыгарууга болот.


Региондор

Анализ кийинки күнү саат 18:00дөн кийин даяр болот. Ишембидеги анализ дүйшөмбү күнү саат 18:00дөн кийин даяр болот.

Түштүктө жыйынтыктарды иш графигинен кийин алууга болот:
- Ош ш., Курманжан Датка көч. 226 (ДШ-ЖШ),
- Жалал-Абад ш., Пушкин көч. 128 (ДШ-ИШ), саат 19:00дөн 22:00гө чейин.

Түндүктө (Талас, Нарын, Токмок ж.б.) жыйынтыктарды дш-иш саат 07:30 тартып 17:00гө чейин басып чыгарууга болот. Андан кеч жыйынтыктар сайтта гана жеткиликтүү болот.

🔷 Үйдөн чыкпай кантип анализ тапшырууга болот

Бейтаптардын ыңгайы жана коопсуздугу үчүн саат 23:00гө чейин бизде “Үйгө баруу” кызматы иштейт. Сизге медиктердин бригадасы келет жана биоматериал алат. Кабыл алуу пунктуна баруунун кереги жок, жыйынтыктар кийинки күнү саат 21:00дөн кийин даяр болот.
Кызмат көрсөтүүнү колл-борбордун телефондору аркылуу тапшырык кылууга болот:
0312 32 03 03
0555 32 03 03
0502 32 03 03

🔷 Чет өлкөгө учуп кетүүчүлөр үчүн маалымат

Эгерде сиз чет өлкөгө учканы жатсаңыз, анда учууга чейин 72 саат аралыгында жетишип калуу керек (айрым өлкөлөр үчүн 48 саат аралыгы талап кылынат). Сиздин жыйынтыктарда жыйынтыктарды алуу эмес, анализди ТАПШЫРУУ убактысы көрсөтүлөт.

Көп учурда бейтаптар керектүү аралыкта үлгүрүп калуу үчүн, учуу алдында келишет. Мисалы мындай: саат 23:00дө уча турган болсо, бейтап эгерде саат 8ге чейин тапшырса, анда жыйынтыкты ошол эле күнү алаарын билип, саат 07:00дө кабыл алуу пунктуна келет. Маселе акыркы учурда үлгүрүп калууну каалагандар саны, биз саат 11:30га чейин кабыл ала тургандан кыйла көп экендигинде турат. Мындай кылуу менен, сиз учууга чейин жыйынтыкты албай калуу тобокелдигине кабыласыз.


👉👉👉 Бир күн мурун түштөн кийин келип, кезек күтүүсүз, анализди тапшырып жана аны кийинки күнү саат 21:00дөн кийин алган ишенимдүү болот. Же саат 23:00гө чейин ыңгайлуу убакта үйгө медиктердин бригадасын чакырсаңыз андан дагы оңой болот – анда эч жакка баруунун дагы кажети жок. Кызмат көрсөтүү Бишкекте 600 сом жана шаар четинде – 800 сом турат.

МААНИЛҮҮ!!!
Бизде анализ тапшырууга болот:
- жекшембиде
- үйдө
- кечинде
- таң эрте
- чоңдор жана балдар
- орус жана англис тилинде.
Өзүңүз үчүн ыңгайлуу убакытты жана опцияны тандаңыз.


🔷 Көп берилген суроолор

- Анализди англис тилинде алууга болобу?
Ооба. Анализ тапшырганы келгенде жыйынтык англис тилинде керектигин көрсөтүңүз

 

- Мен баланчанчы күнү учуп кетем, мен качан анализ тапшырышым керек?
Сиз учуп чыга турган учурдан тартып 72 саатты (3 күн) эсептеңиз. Же кабыл алуучу тараптын талаптарына ылайык, 48 саатты (2 күн) эсептеңиз. Анализди сиз ушул аралыкта тапшырышыңыз керек. Бирок жыйынтыкты сиз дароо эмес, негизинен кийинки күнү ала турганыңызды эстен чыгарбаңыз.
Мисалы, эгерде шаршембиде уча турган болсоңуз, дүйшөмбү тапшырып, шейшемби жыйынтыкты алуу керек.

- Тесттин жыйынтыгында мен качан анализ тапшырган же аны качан ала турган убакыт көрсөтүлөбү

Анализди ТАПШЫРУУ убактысы көрсөтүлөт.

 

- Жыйынтыкты кайдан алууга болот?

Кодду жана тапшырыктын номерин пайдаланып (бланкта бар), биздин сайттан билүүгө болот.

Документти жана тапшырыктын бланкын көрсөткөндө каалаган кабыл алуу пунктунда.

 

- Чет өлкөгө барганда балдар COVID-19 карата ПЦР тапшырышы керекпи?

Бул маалыматты кабыл алуучу тараптан тактоо керек, анткени ар кайсы өлкөдө талаптар ар башка болот.

 

-  Эгерде менде ангина/гайморит/мурун бүтүү/аллергия ж.б. болсо, жыйынтык оң болобу?

Сизде COVID-19 болгон учурда гана COVID-19 карата ПЦР жыйынтыгы оң болот, эгерде башка оору бар болсо, анализ терс чыгат. Тест конкреттүү вирустун ДНКсына реакция кылат, калгандарына көңүл бурбайт.

 

- ПЦР анализге даярдануу эрежелери барбы?

Ооба жана абдан так эрежелер бар. Анализди тамактангандан соң 3 сааттан кийин тапшыруу керек, ошондой эле 3 саат аралыгында тиштерди жууганга, оозду чайкаганга жана ичкенге, чылым чеккенге, сагыз чайнаганга болбойт. Изилдөөгө чейин бир сутка мурда мурунга арналган тамчылатма, мазь, спрей пайдаланууга болбойт.


- Анализ канча турат

2390 сом